Мындай чечимди айылдык кеңештин депутаттары ноябрь айындагы кезексиз сессияда чыгарган. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык кеңештин депутаты Бекболсун Султанбек уулу билдирди.
- Негизи биз жергиликтүү кеңешке шайлангандан тартып эле депутаттар арасында да, карапайым калктын арасында да ушул демилге көтөрүлүп келген. Ортодо көпкө ишке ашыра алган жокпуз. "Мыйзамдуу жагы кандай болот?" деп талаш-тартыш болду. Акыркы чечимди добуш менен протоколдун негизинде чыгарып бергенбиз, - деди Бекболсун Султанбек уулу.
Арак-шарап сатууга тыюу салуу боюнча жалпысынан 500дөн ашык жергиликтүү тургундун колу жыйналган. Чечимге каршы чыккандарга беш миң сомдон жогору айыппул салынары маалым болду.
Депутаттар кабыл алган чечим азыр коомдук талкууда экенин, эл колдосо 2019-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кире турганын Талды-Булак айыл өкмөтү билдириди.
Мунун алдында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургундары кайрадан арак-шарап сатууга тыюу салганы жатышканы айтылган. Мындан үч жыл мурда айыл өкмөт, айылдык кеңеш демилге көтөрүп, "айылда спирт ичимдиктери сатылбасын" деген чечим кабыл алышкан, бирок ал жыйынтык берген эмес.
Кыргызстандын көптөгөн айылдарында динчил адамдардын демилгеси менен арак-шарап сатууга тыюу салынып жүрөт. Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай кабылданууда. Айрым адистер мындай тыюу салуу аракечтикти азайтпасын жана ишкерлерге бут тосорун айтышат. (AlS)