Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Музейди оңдоодогу мыйзамсыздык боюнча Сапар Исаковго айып коюлду


Сапар Исаков жана Улуттук тарых музейи.
Сапар Исаков жана Улуттук тарых музейи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы Улуттук тарых музейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча мыйзамсыздыкты иликтеп чыкты. Анын негизинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго “оор жагдайларды жараткан коррупция” (Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү) деген айып такты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы (ТИКА) менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталды.

Келишим боюнча Түркия үч жыл ичинде 15 млн. доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, музейди реконструкциялоодо президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын "жумуш 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн" деген негизсиз талаптарынан улам Түркия жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында музейди реконструкциялаш үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 520 млн. 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Белгилей кетсек, аталган сумманын 4 млн. доллары музейдин тегерек-четин, фасаддык бөлүгүн оңдоого, көрктөндүрүүгө сарпталган.

УКМКнын маалыматына караганда, 2017-жылы Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, өлкө кызыкчылыктарына каршы мыйзам бузуп, мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга германиялык компанияны катыштырган.

Натыйжада, белгиленген компания Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттар жана жабдыктар, атап айтканда, кафетерий үчүн кымбат баадагы жабдуу, эки ак аттын макети, 59 дарактан турган инсталляция жана анын жыгач койгучтары үчүн бардыгы болуп 55 млн. 593 миң 772 сом жумшалган.

Немис компаниясы жеткирген керектелүүчү материалдардын (клей, кагаз скотч, силикон түтүкчөсү, кол каптар, балка, бургу, таштанды кабы ж.б.) баасы Кыргызстандагы ички базардагы баасынан айырмасы 3 млн. 785 миң 600 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, немис компаниясы менен улуттук валютада эмес, евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин айырмасы 42 млн. 311 миң 428 сомду түзгөн.

“Ошентип, Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 млн. 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бүгүнкү күнгө чейин музейди реконструкциялоо иштери бүтө элек” деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Улуттук тарых музейин оңдоодо мыйзамсыздык болгону былтыр ачыкка чыккан. Буга байланыштуу кийин кылмыш иши козголгон. Анда коррупциялык иштер боюнча “Азаттык” иликтөө жүргүзгөн. Учурда камакта отурган Сапар Исаков музей боюнча өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG