Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Камсыздандыруу төгүмдөрүн эми Мамлекеттик салык кызматы башкарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Тийиштүү токтомго кол коюлган, ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет.

Бул функцияларды өткөрүп берүү процессин жеңилдетиш үчүн 2019-жылдын 1-июлуна чейин Мамлекеттик салык кызматынын убактылуу карамагына Социалдык фонддун органдарынын 240 кызматкери жөнөтүлөт.

Буга чейин камсыздандыруу төгүмдөрү убаракерчилик жаратканына байланыштуу нааразы пикирлер айтылып келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG