Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:45

Александр Крестинин: Түштүк Корея менен өтчү оюн кыйын болот


Азия Кубогу - 2019. Футбол боюнча Кыргызстандын курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин басма сөз жыйынында.
Азия Кубогу - 2019. Футбол боюнча Кыргызстандын курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин басма сөз жыйынында.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Түштүк Кореянын курама командасы менен боло турган оюну оор жана кызыктуу болот. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер үчүн болгон басма сөз жыйынында билдирди. Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогунун алкагындагы кезектеги оюнунунда Түштүк Корея курама командасы менен беттешет.

Александр Крестинин Түштүк Кореянын курама командасы мыкты экенин айтты:

- Биздин каршылашыбыз Түштүк Корея кандай деңгээлдеги каршылаш экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Биз буга даярданганбыз. Эртең эки команда үчүн тең оор, ошол эле учурда кызыктуу оюн болот. Башкы курамда, тактикада өзгөрүүлөр болот. Корея - бул Кытайдын курама командасы эмес.

"Павел Матяш кийинки оюнда ойнойбу?" деген суроого машыктыруучу так жооп берген жок.

- Дарбазачынын катасы оюндун эсебине таасир тийгизди, - деди ал. - Бирок бул оюнда мен-мен деген футболчулар деле ката кетиришет. Мындай жаңылыштык Чемпиондор лигасынын финалдарында деле болуп келген. Чабуулчулар деле жаза басып, гол киргизбей калган учурлар көп. Мунун баарын сындап отурбай, оюнчуну колдош керек. Павел Матяштын Түштүк Кореянын курама командасы менен болчу оюнга чыгар-чыкпасын азыр айта албайм.

Азия кубогунда Кыргызстан Кытай, Корея жана Филиппин менен С тайпасында ойноп жатат. 7-январда Аль-Айн шаарында өткөн беттеште "ак шумкарлар" Кытайдын курама командасына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Азыр тайпада Кытай (3 упай) менен Түштүк Корея (3 упай) алдыда.

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын курама командаларынын оюну эртең, 11-январда Аль-Айн шаарында өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат. (GT)

XS
SM
MD
LG