Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Ооганстанда “Талибандын” кол салуусунан өлгөндөр 32ге жетти


"Талибандын" согушкерлери. Архивдик сүрөт.
"Талибандын" согушкерлери. Архивдик сүрөт.

Кундуз, Багдис, Тахар, Баглан провинцияларынын жергиликтүү бийлик башчылары кабарлагандай, алардын аймагындагы кол салуулардан күч түзүмдөрүнүн 32 өкүлү мерт болуп, дагы ондогон киши жабыркады.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясында “Талибандын” көп сандагы согушкерлери бүгүн эртең мененки чабуул учурунда он аскерди жана полиция кызматкерин өлтүрүп, он бирин жарадар кылган.

Ал эми Багдис провинциясында “Талибандын” согушкерлери менен болгон кагылыштардан коопсуздук күчтөрүнүн алты адамы каза тапты.

Түндүктөгү Тахар, Баглан провинцияларында да “Талибандын” согушкерлеринин 10-январга караган түнү жана бүгүн койгон чабуулунан өкмөтчүл кошуундардын 16 өкүлүнүн өмүрү кыйылды.

Бул кол салуулар үчүн “Талибан” жоопкер экенин кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид ырастады.

Кундуз, Тахар, Баглан провинцияларынын бийлик башчылары соңку атышуу учурунда талибдер да олутуу жоготууга учураганын маалымдоодо. Маселен, Кундузда “Талибандын” 25 согушкери жок кылынган.

“Талибан” акыркы айларда ооган коопсуздук күчтөрү менен өкмөттүк жайларга чабуулдарын көбөйттү.

Ошол эле учурда ооган жана АКШ аскерлери да согушкерлердин жер-жерлердеги кол башчыларына каршы операцияларын күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG