Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Европа соту: Азери өкмөтү журналист Исмаиловага кенемте төлөшү керек


Журналист Хадижа Исмаилова абактан бошотулган учур. 25-май, 2016-жыл.

Европанын Адам укуктары боюнча сотунун 10-январдагы чечимине ылайык, Азербайжандын өкмөтү иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага 19 миң 300 доллар өлчөмүндө кенемте төлөп бериши керек.

Сот чечиминде Исмаилованын жеке жашоосуна олуттуу кийлигишкени үчүн мамлекет жоопкер экени айтылат.

Европа соту ошондой эле Азербайжан Адам укуктарынын Европа конвенциясында каралган милдеттенмелерин, атап айтканда Исмаилованын “адамдык ар-намысын кордогон аракеттерди иликтеп” жана анын ой-пикир билдирүү эркиндигин коргой албаганын да белгиледи.

Мурда “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан Исмаилова Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн коррупциялык иштери тууралуу кеңири жазып келген.

2012 -жылы эгер ал иликтөөсүн токтотпосо, эл алдында абийири төгүлөрү эскертилген кат алган. Ал катка Исмаилова өз батиринде жигити менен чогуу болгон учуру тартылган видео тасма да тиркелген.

Исмаилова коррупция боюнча иликтөөлөрүн токтотуудан баш тарткандан кийин видео тасма Интернетке жарыяланган. Журналист кийин өз батиринен жашыруун орнотулган камераларды жана тартылган видеону сыртка жөнөтүп туруучу атайын жабдууну тапкан.

Бир катар эл аралык сыйлыктарды алган журналист Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда камакка алынып, бир жарым жылдай түрмөдө да отурган. Кийин ал "салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө ыйгарып алган" деген өңдүү айыптар менен жети жарым жылга түрмөгө кесилген.

Бирок эл аралык коомчулуктун сынынан кийин Азербайжандын Жогорку соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жаза менен алмаштырып, журналистти 2016-жылдын май айында абактан бошоткон. (UE)

XS
SM
MD
LG