Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Акылбек Жапаров акчалуу бизнесмендерге диппаспорт берүүнү сунуштады


"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров үч жыл катары менен жылына 10 миллион сомдон ашык салык төлөгөн ишкерлерге дипломатиялык паспорт берүүнү сунуштады.

"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык парспорттору" жөнүндөгү жобого тийиштүү өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом коомдук талкууга өткөн жылдын 28-декабрында коюлду.

Ага ылайык жылына 10 миллион сомдон ашуун салык төлөгөн ишканалардын жетекчилерине жана бизнесмендерге беш жылдык мөөнөткө дипломатиялык паспортторду берүү сунушталган.

Демилгенин автору, депутат Акылбек Жапаров муну менен ишкерлердин өлкөнүн экономикасына кошкон салымын арттырууну көздөйт.

Расмий билдирүүгө караганда, учурда 1184 дипломатиялык жана 710 кызматтык паспорт (жалпы 1894) пайдаланылат. Алардын ичинен 647 дипломатиялык жана 161 кызматтык документ ТИМдин борбордук аппаратынын, элчиликтердин, консулдуктардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген. (KR)

XS
SM
MD
LG