Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Өзбекстанда селсаяктарга паспорт бекер бериле баштайт


Өзбекстандын паспортун кармаган аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандын паспортун кармаган аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан өкмөтү туруктуу жашаган жери жок кишилерди коргоо чаралары тууралуу токтом кабыл алды. Мындан ары селсаяктар миграция бөлүмүнө кайрылышса, алардын мурдагы жашаган жери, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энеси жана жакындары жөнүндө малыматтар такталат.

Эгер кайрылган кишинин Өзбекстан же башка өлкөнүн жараны экени такталбаса, миграция бөлүмүндө ага тек-жайын аныктаган убактылуу маалымкат берилет.

Андан соң жергиликтүү бийлик селсаякты туруктуу каттоодон өткөрөт.

Эгер анын паспорту жок болсо, айыппул салынбастан, кайрадан документтерин бекер жасап беришет.

Учурда реабилитациялык борборлордо жашап жаткан үй-жайсыз кишилер туруктуу жашаган жерине барышса, жол киреси төлөнөт.

XS
SM
MD
LG