Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Трамп АКШда өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн экенин айтты


АКШ президенти Дональд Трамп чек арага жакын жайгашкан Мак-Аллен шаарчасында, 10-январь 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп чек арага жакын жайгашкан Мак-Аллен шаарчасында, 10-январь 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу маселеси боюнча Конгресстеги демократтар менен мунаса табылбаса, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялашы мүмкүндүгүн билдирди.

Ал мындай сөзүн 10-январда Мексика менен чек арадагы Мак-Аллен шаарчасына барган учурда айтып, мыйзамсыз миграция жана аткезчиликти токтотуу үчүн дубал керек экенин кайрадан эскертти.

"Биздин улуттук өзгөчө абал жарыялаганга толук укубуз бар. Бул - коопсуздук маселеси. Бул - улуттук деңгээлдеги чукул кырдаал",-деди Трамп.

АКШ президенти Техаска бараардан эки күн мурда америкалыктарга кайрылуу жасап, мыйзамсыз миграциянын айынан өлкөнүн түштүгүндөгү чек арасында гуманитардык жана коопсуздук кризиси өкүм сүрүп жатканын айткан. Ал дубал курууга керектүү 5,7 миллиард долларды бөлүүгө каршылык билдирген Конгресстеги демократтарды сындаган.

Дубал маселесине байланыштуу карама-каршылыктан улам бюджет бекитилбей, федералдык өкмөт 20 күндөн бери жарым-жартылай гана иштеп жатат. 800 миңдей федералдык кызматкерлерге айлык төлөнө элек.

АКШда өзгөчө абал жарыяланса, дубал курууга сарптала турган каражат үчүн Конгресстин макулдугун алууга зарылчылык калбайт.

Конгресстеги Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган демократтар Трампты чек арадагы кырдаалды көбүртүп-жабыртып жатат деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG