Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Трамп: АКШнын түштүгүндө кризис күчөдү


Президент Трамп шейшемби күнү Вашингтон убактысы боюнча 21:00дө элге кайрылды.
Президент Трамп шейшемби күнү Вашингтон убактысы боюнча 21:00дө элге кайрылды.

Президент Трамп америкалыктарга кайрылуусунда АКШнын түштүктөгү чек арасында гуманитардык кризис күчөп баратканын айтып, демократтарды мындай кырдаалды "таануудан баш тартып жатат" деп сындады. Конгресстеги демократтардын лидерлери да түз эфирде президенттин айткандарына жооп беришти.

Президент Трамп америкалык негизги телеканалдар түз алып көрсөткөн кайрылуусун Кошмо Штаттардын Мексика менен чектешкен түштүктөгү чек арасында гуманитардык жана коопсуздук кризиси күчөп жатканын айтуу менен баштады. Ал күн сайын миңдеген мыйзамсыз мигранттар Америкага өтүп келүүгө аракет кылып жатышканын, аларды мекенине кайтаруунун натыйжалуу жолу жок экенин белгиледи.

- АКШ миллиондогон мыйзамдуу иммигранттарды сыймыктануу менен кабыл алат. Алар биздин коомду байытып, улуттун өнүгүшүнө салым кошот. Бирок америкалыктардын баары көзөмөлдөнбөгөн, мыйзамсыз миграциядан жабыркап жатат, - деди Трамп.

Президент Трамп АКШга аткезчилик жол менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эскертип, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табаарын, бул баңгизаттын 90 пайызы түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айтты. Ал ошондой эле мыйзамсыз миграциядан улам кылмыштуулук, анын ичинде киши өлтүрүү да күчөгөнүн белгиледи.

АКШ менен Мексиканын чек арасы. 24-декабрь, 2018-жыл.
АКШ менен Мексиканын чек арасы. 24-декабрь, 2018-жыл.

Трамп чек арадагы гуманитардык кризистен негизинен аялдар менен өспүрүмдөр жабыркап жатканын, өткөн айда эле АКШга мыйзамсыз алынып келген өспүрүмдөрдүн саны 20 миңге жеткенин билдирди.

Мындан улам АКШнын президенти Мексика менен чек арага дубал куруу зарыл экенин дагы бир жолу кайталап, аны курууга керектүү 5,7 миллиард долларды бөлүүгө каршылык билдирген Конгресстеги демократтарды сындады:

- Чек арадагы дубал тез арада өзүн актайт. Мыйзамсыз баңгизаттардын кесепети жылына 500 миллиард доллардан ашып кетет. Биз баш-аягы 5,7 миллиарддан долларды Конгресстен сураганбыз. Дубалдын чыгымы кыйыр түрдө Мексика менен түзүлгөн жаңы, мыкты соода келишими аркылуу да төлөнөт. Көптөгөн демократтар менен бирге сенатор Чак Шумер да буга чейин “чек арага тосмо керек” деп жүргөн. Алар мен президент болуп шайлангандан кийин эле пикирин өзгөртүштү. Конгресстеги демократтар бул кризисти таануудан баш тартышты.

Трамп президенттикке талапкер болгон кезинен бери эле мыйзамсыз миграция агымын ооздукташ үчүн Мексика менен чек арага дубал кура турганын айтып келет.

Дубалдын курулушун каржылоого байланышкан пикир келишпестиктен улам Конгрессте бюджетти бекитүү создугуп, федералдык өкмөт 18 күндөн бери жарым-жартылай гана иштеп жатат. Демократтар АКШнын түштүгүнө дубал куруу планына каршылыгын билдиришсе, Трамп дубалга сарптала турган каражат камтылбаган бюджет мыйзамына вето коёрун эскерткен.

АКШнын федералдык өкмөтүнүн бир бөлүгүнүн ишин камсыз кылууга бөлүнгөн каражат 22-декабрда түгөнгөн. Бюджет бекитилбегендиктен андан бери өкмөттүк кызматкерлердин төрттөн бири же Америка боюнча 800 миңдей кызматкер айлыксыз иштеп жатат.

Конгресстеги демократтардын лидерлери Нэнси Пелоси (оңдо) жана Чак Шумер.
Конгресстеги демократтардын лидерлери Нэнси Пелоси (оңдо) жана Чак Шумер.

Трампты улай Конгресстин Өкүлдөр палатасынын демократ спикери Нэнси Пелоси, Сенаттагы азчылыкты түзгөн демократтардын лидери Чак Шумер да түз эфирде президенттин айткандарына жооп беришти.

Пелоси Конгресстеги эки партиянын өкүлдөрү өкмөттүн ишин калыбына келтирип, чек арадагы коопсуздукту жакшыртууну көздөгөн мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын, бирок президент Трамп аны четке кагып жатканын айтты.

Ошондой эле ал президентти “салык төлөөчүлөрдүн миллиарддаган долларын кымбат жана натыйжа чыкпаган дубалга сарптагысы келет” деп сындады.

- Президент Трамп АКШ элин барымтага алууну, кризисти ойлоп табууну токтотуп, өкмөттүн ишин калыбына келтириши керек, - деди ал.

Чак Шумер демократтар да чек ара коопсуздугун камсыз кылуу зарыл деп эсептей турганын, болгону алар бул маселеде президент тандап алган жолго каршы экенин белгиледи.

Президент Трамп он мүнөттөн ашкан кайрылуусунда шаршемби күнү Конгресстин лидерлери менен өкмөттүн ишинин үзгүлтүккө учурашы менен коштолгон соңку жагдайды талкуулай турганын кошумчалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG