Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Мигранттар кербени АКШга жетти


АКШ менен Мексиканын ортосундагы Сан-Исидро чек ара бекетинде күтүп турган адамдар. 25-ноябрь, 2018-жыл.
АКШ менен Мексиканын ортосундагы Сан-Исидро чек ара бекетинде күтүп турган адамдар. 25-ноябрь, 2018-жыл.

Бир ай мурдараак Борбордук Америкадан АКШны карай жөнөгөн мигранттар кербени Мексиканын Калифорния менен чектешкен Тихуана шаарына жетти.

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика тараптан бир да мыйзамсыз мигрант өткөрүлбөй турганын кайталап, Мексиканы жана Борбордук Америка өлкөлөрүн мигранттар агымын токтотууга чакырды.

Өз мамлекеттериндеги жакырчылыктан, зордук-зомбулуктан жана кылмыштуулуктан качып, Кошмо Штаттарга жетип алууну көксөгөн беш миңдей борбордук америкалык мигрант Калифорния менен чектешкен Мексиканын Тихуана шаарына келди. Жума күнү мигранттар каптап кирген Тихуана шаарынын мэри Хуан Мануэл Гастелум калаада гуманитардык кризис жаралганын, качкындар спорттук жайлар сыяктуу имараттарга жайгаштырылып, тамак-ашка узун кезектер пайда болгонун маалымдады. Бул абал шаар тургундарын да дүрбөлөңгө салды.

- Бул жерде 20 жылдан бери жашап, мен мындайды биринчи жолу көрүшүм. Биз согуш талаасында жүргөндөй болуп жатабыз. АКШга мыйзамсыз өтүп кетүүнү көздөгөн миң-миңдеген борбордук америкалыктар кирип келишти. Полиция кайда карап отурат? - деди Тихуана шаарынын тургуну Луси Энрике Матео.

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика тараптан бир да мыйзамсыз мигрант өткөрүлбөй турганын кайталап жатат. Жекшембиде ал Мексиканы жана Борбордук Америка өлкөлөрүн Кошмо Штаттарга бет алган мигранттар агымын токтотууга чакырды. Трамптын айтымында, качкындардын ар биринин иши иммиграциялык сотто каралып, баш паанек алууга уруксат берилгендери гана чек арадан өткөрүлөт.

АКШнын президенти миграциялык кризиске байланыштуу дем алыш күндөрү “Твиттерге” улам-улам билдирүү жасады.

«Ким биздин өлкөгө мыйзамдуу кирсе, ошолорду гана өткөрөбүз. Болбосо биздин «карма, кама» деген катаал саясатыбыз колдонулат. Эч кандай «АКШга өткөрүп кой» деген нерсе болбойт», деди Дональд Трамп.

Ал эми “Твиттердеги” дагы бир пикиринде ал: “Баары Мексикада калат. Эгер кайсы бир себептен улам зарылчылык болсо, биз түштүк чек арабызды жабабыз. Ондогон жылдардан бери пайдаланып келишкен кыянатчылыктан соң эми АКШ бул кымбат жана коркунучтуу абал менен келише албайт” деди.

Мексиканын жаңы өкмөтү кызматына кийинки ишембиде киришкени жатат. Келерки президент Андрес Мануэл Лопес Обрадордун администрациясы мигранттарга убактылуу Мексикада калууга уруксат бергени кабарланды.

АКШга өтүп кетүүгө далбас урган мигранттардын көбү - Гондурастын, Гватемаланын жана Сальвадордун тургундары.

Гондурастык Жозе Тулио Редригес АКШга кирүү маселеси чечилгенче Мексика убактылуу кабыл алып турса деген тилегин билдирди:

- Мен баары жакшы болот деген ойдо турам. Мен бийлик өкүлдөрү макулдашат деп үмүттөнөм. Мексикалыктарды кыйнайлы деген оюбуз жок. Рождествого карата менин Гондурастагы үй-бүлөмө жакшы кабар болуп калса деп тилеп турам.

Жозе Тулио Редригестин дагы бир мекендеши Улисес Ромео буларды айтты:

- Мен Мексикада калып иштөөнү каалабайм. Мен Канадага барам. Канада алты миң адамга жумуш берип жатат. Биз Трамп чек араны ачып, бизди өткөрүшүн каалайбыз.

Борбордук Америкадан мигранттардын кербени АКШга карай өткөн айда жылып жөнөгөн. Алардын келишин утурлай Пентагон ушул айдын башында Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырган.

Дональд Трамп буга чейин "АКШга мыйзамсыз келген иммигранттар качкын макамын ала албайт" деген жарлык чыгарган. Бирок федералдык сот анын күчүнө киришин убактылуу токтотуп койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG