Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:55

Фигурист Тендин өлүмүнө шектелгендердин бири кечирим сурады


Фигуристтин өлүмү боюнча соттолуп жаткандар.
Фигуристтин өлүмү боюнча соттолуп жаткандар.

Казакстанда атактуу спортчу Денис Тендин өлүмүнө айыпталып жаткандардын бири Арман Кудайбергенов 11-январда сотто сүйлөгөн сөзүндө кылмышка барганына өкүнөрүн айтып, Тендин үй-бүлөсүнөн жана жалпы казакстандыктардан кечирим сурады. Ал адам өлтүрүүнү көздөбөгөнүн, бул кылмышка болгону машиненин күзгүлөрүн уурдап, акча жасоо максатында барганын айтты.

Мурдараак киши өлтүргөнүн мойнуна алган Кудайбергенов эми башында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аны ур-токмок менен мойнуна алдырышканын билдирүүдө. Ал күнөөнү экинчи айыптуу Киясовго шылтап жатат. Киясов саламаттыгына байланыштуу соттук жараянга катышкан жок.

Шектүүлөрдүн арасында кош бойлуу Жанар Толыбаева да бар. Ага "кылмышты жашырган" деген күнөө тагылууда.

Таанымал спортчу, көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тенди былтыр жайында, күндүз эле Алматынын чок ортосунда бычактап кетишкен. 25 жаштагы спортчу ооруканга жетпей көз жумган. (EzK)

XS
SM
MD
LG