Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Футбол: Түштүк Корея Кыргызстанга бир гол киргизди


Оюн учуру.
Оюн учуру.

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан – Түштүк Корея командаларынын беттешинин биринчи таймы аяктады. Оюндун 41-мүнөтүндө Түштүк Кореянын коргоочусу Ким Мин Же гол киргизип, эсепти ачты.

Оюн дээрлик кореялык футболчуларынын үстөмдүгү астында өтүүдө. Алгачкы 45 мүнөттө кореялыктар талаанын 74 пайызын ээлесе, Кыргызстандын үстөмдүгү 26 пайыздан ашкан жок. Командалар жалпысынан 11 жолу дарбазага топ тепсе, анын төртөө Кыргызстанга таандык болду.

Оюнда дээрлик эреже бузуулар катталган жок, азырынча командаларда сары кагаз алган оюнчулар жок. Алдыда футболчулар дагы 45 мүнөт ойношот.

Эгерде Кыргызстан бүгүнкү матчты Түштүк Кореяга уттурса, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгөн ажырайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG