Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Орусия жана Жапония Курил аралдары боюнча сүйлөшүүнү улантат


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Жапониянын тышкы иштер министри Таро Коно Москвадагы сүйлөшүүдө. 24-ноябрь, 2018-жыл
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Жапониянын тышкы иштер министри Таро Коно Москвадагы сүйлөшүүдө. 24-ноябрь, 2018-жыл

Эки өлкө ортосундагы талаштуу аралдар боюнча сүйлөшүү Жапониянын тышкы иштер министри Таро Кононун 12-15-январь аралыгындагы Москвага сапарында улантылганы жатат. Мунун алдында орус Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, бул маселе боюнча мунасанын шартын эскертти. Анда Москва Жапония Экинчи Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын толугу менен тааныса гана Курил аралдары боюнча тынчтык келишимине кол коюлары айтылган.

Буга чейин Жапония Курил аралдары үчүн компенсациядан баш тартууну пландап жатканы боюнча кабар тараган. Токионун мындай позициясы Орусия нааразылыгын билдирип, бул өлкөнүн Москвадагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырып, түшүндүрмө талап кылган.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет. Орусия аралды өзүнүкү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес.

Эки өлкөнүн лидерлеринин 14-ноябрдагы жолугушуусунан кийин 1956-жылдагы совет-жапон меоморандумуна кайтып келүү макулдашылганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG