Линктер

шаршемби, 16-январь, 2019 Бишкек убактысы 09:37

Майлуу-Сууда аскерлердин бычакташуусу иликтенип жатат


Кыргыз жоокерлери.

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө эки жоокер ортосундагы бычакташуу боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки жоокер уруша кетип, бири экинчисин бычак менен колго сайган. Жараат алган аскер ооруканага алып барылып, медициналык жардам көрсөтүлдү. Аскердин өмүрүнө коркунуч туулган жок.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына кабар берилип, кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Чырлашкан жоокерлер былтыр жаз айында аскердик милдетин өтөө үчүн барган.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG