Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Донбасста ЕККУнун учкучсуз учагы аткыланды


Донбасс.
Донбасс.

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында ЕККУнун мониторингдик миссиясынын учкучсуз учагы аткылоого дуушар болду. Байкоочулар кабарлашкандай, окуя Попасная деген айылдын жанында болгон. Бул айылды Украинанын өкмөттүк аскерлери көзөмөлдөп турат. Учакка ким ок атканы азырынча белгисиз.

Буга чейин ЕККУнун мониторингдик миссиясы бир нече жолу учкучсуз аппаратын жоготкон. 2-январда Луганскиде, былтыр ноябрда болсо орус-украин чек арасына жакын жерде учактар аткыланган эле.

Акыркы күндөрү расмий Киевдин маалыматы боюнча Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу режими жети жолу бузулду. Орусиячыл жикчилдер аткан октон эки украин аскери жараат алган. Ал эми өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын өкүлдөрү украин аскерлери келишимди 12 ирет бузганын кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG