Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Абылгазиев көрүстөндү талкалагандарды табууну тапшырды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр мындай тапшырманы Ички иштер министрлигине берген. Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш деп баалап, күнөөлүүлөрдү тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы көрүстөнгө келип 34 жыгач крестти жана эки мрамор эстеликти талкалап кеткен.

Азырынча көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар аныкталып, табыла элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG