Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 14:26

Күрөш: Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат


Урматбек Аматов, 62 кг салмакта Кыргызстандын чемпиону.

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан мыкты балбандар келишти.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын күчтүүлөрү аныкталып, улуттук курама команда түптөлмөкчү.

Ошондой эле бул мелдештерден соң мыктылар Кытайда боло турган Азия чемпионатына барышат.

Чемпионат 11-январда башталган, бүгүн аяктайт. Буга чейин 9-10-январь күндөрү Бишкекте эркин күрөш боюнча чемпионат аяктаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG