Линктер

бейшемби, 17-январь, 2019 Бишкек убактысы 22:16

АКШда өкмөттүн иши жарым-жартылай токтогону эң узак мөөнөткө созулду


АКШда шатдаун же федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтошу эң узак мөөнөткө созулду.

12-январда өкмөттүн толук кандуу каржыланбай турганына 22 күн толду. Бул АКШ тарыхындагы эң узун шатдаун болуп калат. Жума күнү өлкөдөгү 800 миңге жакын мамлекеттик кызматкерлерге айлык акы төлөнгөн жок.

Буга чейин президент Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал куруу боюнча мунаса табылмайынча, өкмөттүн иши толук жанданбай турганын билдирген.

Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушу үчүн Трамп Конгресстен 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Бирок демократтар буга макул болбой, чек арада дубалдын курулушу үчүн эмес, коопсуздукту бекемдөөгө 1,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылышкан.

Дал ушул маселе боюнча пикир келишпестиктен улам АКШда бюджетти бекитүү создугуп, федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтогон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG