Аба ырайы:
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 13-январда өлкө аймагында кар жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6;
Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…5;
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;
Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7;
Нарында түнкүсүн -22...-27, күндүз -11...-16 градус болот.
13-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6 суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5 градус болот.