Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:08

Париждеги жарылуудан онго жакын адам жараат алды


Париж. 12-январь, 2019-жыл

Париждеги жарылуудан кеминде тогуз киши жараат алды. Расмий органдар жарылууга наабайканадагы газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгонун айтышууда.

Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, өрттү өчүрүүгө жана жакын жердеги имараттардан адамдарды эвакуациялоого 200дөн ашык өрт өчүрүү кызматкери тартылды.

Кырсык Парижде “сары кемселчендердин” кезектеги нааразылык акциясы өтөрдүн алдында катталды. Бир нече аптадан бери уланып жаткан акцияга байланыштуу полиция калаанын борбордук бөлүгүндө көзөмөлдү күчөткөн.

Францияда митингдер ноябрь айында башталган. Алгач он миңдеген адам өкмөттөн күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүү чечиминен баш тартууну талап кылып чыккан.

Бийлик алардын бир катар талаптарын аткарды, бирок акциялар эми айлык-маянаны көтөрүү жана салыктарды азайтуу талабы менен уюштурулууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG