Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Демократ-конгрессмен президенттик шайлоого барат


Хулиан Кастро.

Техастык демократ-конгрессмен Хулиан Кастро 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялады.

Кастро 44 жашта, чоң атасы Мексикадан көчүп келген. Барак Обаманын администрациясында Турак жай курулушу жана шаарды өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Аны көптөн бери Демократтар партиясынын «жаркын жылдыздарынын» бири катары баалап келатышат.

Кастро талапкерлигин коерун жарыялар замат АКШны түрө кыдырарын да билдирди.

Кастро алдыдагы президенттик шайлоо үчүн формалдуу үгүт өнөктүгүн баштаган биринчи саясатчы эмес. Бир жыл мурда мурдагы конгрессмен Жон Делани президенттикке баруу жөнүндө ниетин билдирген. Президент болгусу келерин конгрессмендер Элизабет Уоррен жана Тулси Габбард да билдиришкен.

XS
SM
MD
LG