Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Нетаньяху Сирияга сокку урулганын ырастады

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун телекөрсөтүү аркылуу билдирүүсүндө акыркы күндөрдө Сириядагы позицияларга карата бир нече жолу абадан сокку урулганы айтылды.

- Акыркы 36 саат ичинде аскер-аба күчтөрү Дамасктын эл аралык аэропортунун Ирандын курал-жарагы сакталган кампаларына абадан чабуул койду. Бул биздин Сирияда Иранга каршы күрөшүүгө даярдыгыбыздын далили, - деди ал.

Израил Дамаскка бир нече жолу ракета учурганын 11-январда Сириянын мамлекеттик агенттиктери кабарлаган. SANA агенттигинин маалыматына караганда, ракеталардын көпчүлүгү жок кылынып, бирөө Дамасктын аэропортунун кампасына тийген. Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жүздөгөн чабуулдардын натыйжасында Ирандын аскердик кийлигишүүсүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Израил күчтөрүнүн Сириядагы аракеттерин Тел-Авив моюнга алганы сейрек көрүнүш.

Иран, Орусия жана ливандык шииттердин «Хезболла» тобу Сирияда 2011-жылы башталган чатакта президент Башар Асаддын режимин колдоп келет. Сириядагы согушта 400 миңден ашуун киши каза тапты, миллиондогон адамдар чет жактарда качкын болуп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG