Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

БатМУнун окутуучусу жетекчилигин айыптап чыкты


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) окутуучусу Кубанычбек Таиров жетекчилигине каршы президентке кат жазганын билдирди.

"Университеттин жетекчилигинин ишиндеги кемчиликтер, билим берүүнүн сапаты, студенттер үчүн шарттардын начардыгы жана БатМУда коррупциялык жол менен 39 диплом мыйзамсыз берилип, ага тиешелүү 7 окутуучуга карата сот өкүмү чыккандыгына карабастан иштеп жатканы мени президентке кат жазууга мажбур кылды", - дейт Таиров.

Мындан тышкары, кайрылууда "университеттин жетекчилигинин иш сапарларына 2017-жылы 6 млн. 230 миң сом короткону, кызматтык автоунааны максатсыз пайдаланганы" сыяктуу маселелер камтылган.

Университеттин ректору Абдивап Зулпуев кайрылууда айтылган пикирлерге макул эмес экенин айтып, аларды куру доомат катары баалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG