Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы "Алматыда чабуулдарды пландаган" деп шек саналган адамдардын тобун кармады.
Мекеменин басма сөз кызматы алар борбор азиялыктар экенин маалымдады, бирок кармалгандардын аты-жөнү жана кайсы өлкөнүн жарандары экендиги айтылган жок.
Шектүүлөрдүн убактылуу жашаган үйү тинтүүгө алынып, жардыруучу заттар, курал-жарак жана ок-дары табылган.
«Тергөөнүн версиясы боюнча кармалгандар «Ислам мамлекети» террордук тобунун чет өлкөдөгү согушкерлеринин буйруктарын аткарып жүрүшкөн. Алар Алматыда адамдар көп топтолгон жерлерде чабуул коюуга даярданышкан», — деп жазылган билдирүүдө.