Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:07

Шаардык сот Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды


Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды. Отурум 14-январда болгонун Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы кабарлады. Мурдараак ушундай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, Кулматовдун адвокаты шаардык сотко арызданган болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов эки кылмыш иши боюнча айыпталган. Биринчиси баш калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, экинчиси - паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу болчу. Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртып алынганы кабарланган.

Былтыр 5-июндан бери Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Кубанычбек Кулматов КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG