Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Пашинян Армениянын премьер-министри болуп дайындалды


Армениянын президенти Армен Саркисян жаңы дайындалган премьер-министр Никол Пашинян менен. 14-январь, 2019-жыл.
Армениянын президенти Армен Саркисян жаңы дайындалган премьер-министр Никол Пашинян менен. 14-январь, 2019-жыл.

Никол Пашиняндын саясий альянсы парламенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкен соң ал Армениянын премьер-министринин кызматына кайра дайындалды. Президент Армен Саркисян тиешелүү жарлыкка дүйшөмбүдө 132 орундуу парламенттин биринчи жыйыны өткөн күнү кол койду.

Былтыр 9-декабрда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Пашиняндын "Менин кадамым" блогуна шайлоочулардын 70,42% добуш берген. Натыйжада парламентте "Менин кадамым" 88 мандат алды.

Ишкер Гагик Царукяндын "Гүлдөгөн Армения" партиясы 26 мандатка, ал эми саясатчы Эдмон Марукян жетектеген "Жаркын Армения" партиясы 18 орунга ээ болду.

Мурдагы парламентте көпчүлүктү түзүп турган экс-президент Серж Саргсяндын Республикалык партиясы беш пайыздык босогодон өтпөй калган.

Арменияда премьер-министр Никол Пашинян баштаган оппозициялык күчтөр бийликке былтыр жаздагы элдик толкундоодон кийин келген.

XS
SM
MD
LG