Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Пашинян парламентти да колго алды


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Арменияда ыңкылапчыл күчтөр эми парламентке да келишти.

Жекшембидеги кезексиз шайлоодо Никол Пашиняндын блогу чоң айырма менен алдыга суурулду. Ал эми мурдагы чакырылышта жалаң өзү көпчүлүктү ээлеп турган Армения Республикалык партиясы босого чекке аз-маз жетпей калды. Акыркы расмий жыйынтык дагы бир жумада чыгат.

Бирок бардык добушканалардан келген баштапкы эсептерди Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүнүн таңында эле жарыялады. Анда күтүлгөндөй эле Никол Пашиняндын “Менин кадамым” блогу чоң айырма менен алдыга чыкты. 70,4% - бул саясий топ парламенттин жарымынан көбүн ээлейт, бекем өкмөт курап, өлкө башчысы премьер-министрди тандоого мүмкүнчүлүк алды дегенди билдирет.

- Биз жаңы парламентте абсолюттук көпчүлүктү, конституциялык көпчүлүктү түзөбүз. Бул биздин бардык пландаган реформаларыбызды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Башкы багытыбыз - экономикалык революцияны улантуу, Армениянын экономикасында жана социалдык-экономикалык турмушунда реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүү, - деди азыр премьер-министрдин милдетин аткарып турган Никол Пашинян.

Дагы эки партия парламенттик босогодон өттү. “Гүлдөгөн Армения” 8,3%,“Жаркын Армения” 6,4% алды.

БШКнын төрагасы Тигран Мукучян кимге канча мандат тиерин толук расмий жыйынтык чыккыча айтпай турат. Ошентсе да оппозицияда калары күтүлүп жаткан эки партия шайлоо мыйзамына ылайык, парламенттеги мандаттардын кеминде 30% ала алат. Алган добушу ага жетпесе автоматтык түрдө кошулуп, жеткирилет.

Калган сегиз саясий топ парламентке өтүш үчүн зарыл болгон 5 пайыздык босогодон өтө алган жок. Алардын ичинде мурдагы президент Серж Саргсяндын Армения Республикалык партиясы бар.

Серж Саргсян добуш берүүдө. 9-декабрь, 2018-жыл.
Серж Саргсян добуш берүүдө. 9-декабрь, 2018-жыл.

2017-жылдын апрелиндеги шайлоодо жеңип чыгып, жалаң өзү парламенттик көпчүлүктү түзүп келген Армения Республикалык партиясы бул жолу 4,7% гана топтоду. Бул көрсөткүч расмий ырасталса, анда партия Улуттук Жыйынга кирбей калат.

Деген менен РПАнын шайлоо штабы тараткан билдирүүдөн алар жеңилгенин мойнуна алганын байкоого болот. "Бул шайлоонун формасы демократиялуу болгону менен, маңызы андай болбоду. Шайлоо башка ой-пикирге карата сабырсыздыктын, талапкерлерге жана алардын тарапташтарына катаал басымдын, административдик ресурсту эбегейсиз колдонуунун шартында өткөрүлдү» деп баалады мурдагы бийликчил партия. Эми ишмердигин мындан ары парламенттен тышкаркы күч катары улантарын белгилешет.

Быйыл май айына чейин Саргсян жана анын командасы бүт бийликти колго кармап турду. Элдик толкундоолордун натыйжасында ал кызматтын тапшырып, премьерлик тизгин оппозиционер Никол Пашинянга өткөн. Ал “баркыт ыңкылабын” толук ишке ашырыш үчүн чукул парламенттик шайлоо өткөрүп, андагы күчтөрдү алмаштырыш керек экенин баса белгилеп келген.

Бул шайлоого эки жыл мурдагыдан (60%) айырмаланып, эл аз катышты. БШК жарандардын 48,6% добуш бергенин билдирди. Муну Пашинян “мурдагылар элди күчкө салыпп алып келишчү, көзү өтүп кеткендердин атынан добуштар берилчү. Бул жолу андай болгон жок. Элдин эркине койдук" деп чечмелөөдө.

Добушканадан чыккан айрым шайлоочулар мындай пикирлерин айтышты:

- Башкысы - өзгөрүү болду. Ишеним, келечекке үмүт жаралды. Акыйкаттык. Элде шаттык бар. Бирок ошентсе деле турмушубуз оор.

- Дегеле кандайдыр өзгөрүү болоруна чоң күмөнүм бар. Балким жаңылып аткандырмын, бирок бул менин жеке пикирим. Бирок турмуштук чоң тажрыйба бизге бир нерсе үйрөтүп атса керек. Кантсе да өзгөчө үмүтүм деле жок.

- Үмүттөнүп эле турабыз. Көңүлүбүз кайт болуп калбаса экен. Ошентсе да жакшылык күтүп атам. Эми акырындап болот да, эки жылда жыйынтыгы болуп калат го. Ошентсе да баарыбыз кубанып турабыз. Эмнеге, билбейм. Эч кандай өзгөрүү болбосо деле абдан кубанычтабыз.

КМШ мамлекеттеринен барган байкоочулар шайлоону “мыйзам чегинде, ачык-айкын өттү” деп баалашты. Добуш сатып алууга жол бербөөгө өзгөчө көңүл бөлүнгөнү, бардык партиялар менен блокторго бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди. Ошол эле учурда жыйынтыкка таасир этпей турган, аз-маз эреже бузулган учурлар катталганы да айтылды.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да оң баа берип, "коомчулук ишенимине ээ болгон", "ачык саясий дебаттар менен коштолгон" шайлоо өткөнүн белгилешти. “Жалпысынан атайын шайлоо мыйзамдарын бузуу, анын ичинде пара берүү жана шайлоочуларга басым жасоо болбогону - чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк түздү” деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Армениянын өзүндөгү он журналисттик уюм биргелешкен билдирүү кабыл алып, анда журналисттердин ишмердигине жагымдуу шарт түзүү жагынан бул шайлоо мурдагыларынан алда канча айырмаланганын белгиледи.

"Шайлоо күнү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кесиптик ишмердигине жолтоо болуп, ыдык көрсөткөн олуттуу жагдайлар болгон жок. Бир нече анча-мынча жаңжалдар жеринде жөнгө салынды. Мурда болуп көрбөгөн мындай жагдай салтка айланышы керек" деп айтылат билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG