Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Карыз доолагандар Ноокаттын тургунун бутка атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын 40 жаштагы тургунунан карыз доолап келгендер аны арматура менен сабап, бутка атып кетишти. Окуя 14-январда түш ченде болгонун облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, 22-23 жаштагы үч адам жабырлануучуну "Honda CRV" үлгүсүндөгү машинеде ээн талаага алып барып, арматура менен сабап, бутка атып таштап кетишкен. Кылмыштын изи сууй электе ошол эле райондун 22-23 жаштагы тургундары кармалып, алар айдаган машине текшерилген.

- Алардын жанынан кыскартылып, кесилген ИЖ-17 үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгы жана узундугу бир метрден ашкан эки арматура табылган, - деди милиция өкүлү.

Далил буюмдар алынып, окуя кылмыштарды жана жоруктарды каттоочу бирдиктүү реестрге жазылып, тергөө башталды. Кылмышка шек саналгандар убактылуу кармоочу жайга камалды. Баштапкы маалыматка караганда жабырлануучунун 48 миң сом карызы болгон. Азыр ал оор абалда райондук ооруканада жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG