Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Польшада жараланган Гданск шаарынын мэри каза тапты


Мэр Павел Адамович Гданск шаарындагы демонстрацияда. 21-апрель, 2018-жыл.
Мэр Павел Адамович Гданск шаарындагы демонстрацияда. 21-апрель, 2018-жыл.

Польшанын түндүгүндөгү 570 миңдей тургун жашаган Гданск шаарынын мэри Павел Адамовичти белгисиз эркек киши 13-январдын кечинде эл чогулган жерде “курч нерсе” менен сайган. Мэрге ооруканада беш саат операция жасалган. Гданск медициналык институтунун дарыгерлери “бейтаптын абалын өтө оор” деп баалашкан.

Окуяны иликтей баштаган Гданск полициясынын басма сөз катчысы Карина Каминская ​"эң башкысы кол салган киши мэрдин жанына кантип жеткенин териштирүү маанилүү" экенине токтолду. Полициянын маалыматына караганда, шектүү мэрдин жанына кабарчынын күбөлүгүн көрсөтүп өткөн.

Жекшембинин кечинде “Бейиштин нуру” деп аталган кайрымдуулук иш-чарасы жыйынтыкталып жатканда 53 жаштагы мэр турган секиге чуркап чыккан киши ага кол салган. 23 жаштагы кылмышка шектүү жигит ошол жерде кармалган.

Гданск шаарында Лех Валенса башында турган эмгек кошуундарынын “Тилектештик” кыймылы түптөлгөн.

XS
SM
MD
LG