Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Кабулдагы жардырууда төрт адам каза таап, 40тай киши жаракат алды


Кабулдагы жардырууда жарадар болгондорду ооруканага ташуу, 14-январь, 2019-жыл.
Кабулдагы жардырууда жарадар болгондорду ооруканага ташуу, 14-январь, 2019-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда чет элдик өкүлчүлүктөр жайгашкан жерде катуу жарылуу болуп, кеминде төрт киши көз жумду, дагы 40тай киши жаракат алды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш жардыруу чет элдик уюмдар жайгашкан "Жашыл кыштак" деген райондо болгонун билдирди. Чабуулду эч бир топ дароо мойнуна алган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Вахид Майор "Твиттер" баракчасына "40тан ашуун киши жарадар болду" деп жазды. Ал жарылуу болгон маалда Улуттар Уюмунун кызматкерлери иш ордунда жүргөнүн, ушул тапта ал жерде "күзөтчүлөр гана" калганын кошумчалады.

Министрликтин өкүлү "полициянын атайын күчтөрү окуя болгон жерге тартылып, дагы кол салгандар бар-жогун издеп жатканын" билдирди.

Жардыруу болгон жерге жакын турган турак жай катуу жабырканын бийлик кошумча маалымдады.

XS
SM
MD
LG