Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Элчилик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлиги каралат


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 15-январда төрт мамлекетке элчилик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлигин карайт.

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчинин кызматына мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга Кыргызстандын Орусиядагы азыркы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга дипломат, мурунку элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөтүп жатат.

14-январда президенттин жарлыгы менен Америкадагы элчи Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда Кытайдагы элчинин орду да бош турат. Мурдагы элчи Азамат Үсөнов декабрда кызматтан бошотулган. (NT)

 

XS
SM
MD
LG