Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 15-январда "Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун карайт.
Документ тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров баяндама жасайт.
Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы сессияда аталган конвенцияны биринчи окууда кабыл алган. 5-ноябрда аны парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган.
БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы 21-сентябрда кол койгону менен парламент бекитип бере элек.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер.