Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Активист Роза Маманованын арызы Жогорку сотто каралат


Роза Маманова.
Роза Маманова.

Бүгүн, 15-январда саат 10.00дө Жогорку сот Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган активист Роза Маманованын доо арызын карайт.

Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы бир жылга шарттуу кескен. Маманова буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанып, бирок Баткен облустук соту мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Активист өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин жана айыл өкмөттөрдүн мыйзамсыз иштерин ачык айтып чыкканы үчүн өзүнө карата "шылуундук кылган" деген негизде атайылап кылмыш иши козголуп, сотко өткөнүн билдирип келет.

Ал Кызыл-Кыя шаардык жана Баткен облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарууну, өзүн актоону өтүнүп Жогорку сотко арызданган.

Арызды кароо 15-январга белгиленген. Роза Маманова 11-январда Ошто басма сөз жыйынын өткөрүп, эгерде Жогорку сот калыс чечим чыгарбаса президенттик администрациянын алдында өзүн өрттөй турганын билдирген.

- Эмне үчүн жасабаган кылмыш үчүн, албаган акча үчүн соттолушум керек? Эмнеге чынында мыйзам бузган аткаминерлер жазаланбай кала берет? - деген Маманова "Азаттыкка" чөнтөк телефонуна белгисиз номерлерден автоматтардын жана снайперлердин сүрөттөрү, үйүнө бош конверттер келип жатканын айткан.

Буга чейин Роза Маманова "Азаттыктын" атайын иликтөөсүндө интервью берип, анда Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин коррупциялык иштерге аралашкандыгы тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөн. Анда ал бул фактыларды текшерүүнү өтүнгөн арыз менен Баткен шаардык кеңешинин депутаттарына да кайрылып келгенин, бирок алар тараптан эч кандай реакция болбой жатканын кабарлаган.

Активист Баткен облусунун мурдагы прокурору, маркум Анарбай Мамажакыпов менен да мурда жолукканын, ал жемкорлук менен күрөшүүгө жардам берүүгө убада берип, бирок киши колдуу болуп калганын билдирген. Ал Мамажакыповдун өлүмүнө анын орун басарларынын түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт. (NT)

XS
SM
MD
LG