Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Кундуз Жолдубаева: Кытайларга каршы маанайды мамлекеттик органдар курчутууда


Кыргызстандын мурдагы президенти, КСДПын лидери Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстандын мурдагы президенти, КСДПын лидери Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кытайларга карата маанайды курчутууну азыркы бийлик КСДПнын ишмердүүлүгүнөн эмес, мамлекеттик органдардан издеши керек экенин билдирди.

"Биздин саясий оппоненттер кезектеги мындай калп жана ыплас
маалыматтык чагым таратуу менен өздөрү кетирген кемчиликтер үчүн күнөөнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарууну көздөшүп жатышат. Кесипкөй атайын кызматтар чагымчыл митингдердин, тактап айтканда, 7-январда Бишкекте өткөн жана 17-январда өтө турганы жарыяланган митингдердин реалдуу уюштуруучуларын оңой эле аныктай алышмак, ал эми президенттин аппараты жана өкмөт тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болчу. Иш жүзүндө өткөн жылы толугу менен мамлекеттик бийлик органдары кытайларга каршы маалыматтарды таратууга жана кыргыз-кытай мамилелерине доо кетире турган башка чагымчыл аракеттерге каршы эч кандай тийиштүү чара көрүшкөн жок" деп жазылат билдирүүдө.

Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы бекемделгенин айтып, "Атамбаев жана КСДП кытайларга каршы митингдерди колдоп жатат" деген имиштер партия лидерине көө жабууга багытталганын билдирген.

Бишкекте 7-январда Кыргызстандагы мыйзамсыз кытай мигранттарына каршы митинг болуп, ага 300дөй адам катышкан. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кийинки митинг 17-январда өтөрүн айтышкан. (KR)

XS
SM
MD
LG