Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:54

Өкмөт түкүрүккө салына турган айыппулдун өлчөмүн азайтат (видео)


Жогорку Кеңештин имаратына карай түкүргөн жаран.
Жогорку Кеңештин имаратына карай түкүргөн жаран.

Өкмөт көчөдө түкүргөн адамдарга салына турган айыппулдун көлөмүн азайтат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков басма сөз жыйынында билдирди.

- Таштандыларды ой келди жерге таштоо үчүн 5,5 миң сом абдан туура. Бирок түкүрүктөр да ошол беренеге кошулуп калыптыр. Муну премьер-министр да туура эмес көрдү. "Муну башка берене менен киргизип, жазасын да өзгөртөлү" деген ойду айтты. Азыр Тартип бузуу жөнүндө кодексти карап көрсөк, "белгиленген эмес жерлерде тамеки тартуу" деген беренеге миң сом каралган экен. Түкүрүктөр да ошол деңгээлде каралса болот деген сунушту биз азыр Жогорку Кеңешке бердик. Экинчи окууда түкүрүктөргө болгон айыппулду азайтуу маселеси каралат.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган. Кийин ал кармалып, түшүнүк кат жазганы белгилүү болгон.

1-январдан баштап күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү 5500 сом айыппул менен жазаланат.(KR)

XS
SM
MD
LG