Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Мамлекеттик документтерди мамлекеттик басмаканалар гана даярдайт


"Учкун" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев.
"Учкун" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков "Мамлекеттик сатуп алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамдын экинчи беренесине ылайык мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо өкмөт тарабынан аныкталып, аларды басып чыгаруу укугуна мамлекеттик басмакана гана ээ болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Учкун" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев билдирди.

- Мамлекеттик маанидеги документтерге ошол эле дипломдор, аттестаттар, мамлекеттик жер боюнча актылар, туулгандыгы жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билеттер кирет. "Мындан ары ушуга окшогон документтерди даярдоо укугу мамлекеттик ишканаларга гана берилет" деген шилтеме мыйзамда берилип жатат. Эми ошол документтердин сапатына жана коопсуздугуна жакшы көңүл бурулат десе болот, - деди ал.

2017-жылы жеке менчик "Тартип" басмаканасы элүү миңден ашуун аттестатты ката басып чыгарган. Бирок ошол эле жылы кайрадан дагы тендерге катышып жаткандыгы коомчулукта нааразылык жараткан.

"Учкун" мамлекеттик басмаканасы да жогорку жана орто окуу жайлары үчүн дипломдорду басуу боюнча жарыяланган тендердин шарттары одоно бузулуп жатканына нааразы болуп келген. (KR)

XS
SM
MD
LG