Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

“Талибан” кыймылы Кабулдагы жардырууну мойнуна алды


Кабулдагы жардырууда жарадар болгондорду ооруканага ташуу. 14-январь, 2019-жыл.
Кабулдагы жардырууда жарадар болгондорду ооруканага ташуу. 14-январь, 2019-жыл.

“Талибан” кыймылы Кабулда кеминде төрт кишинин өмүрүн алган жардырууга жоопкечиликти алды. Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 14-январда шаардын чордонундагы эл аралык уюмдар жайгашкан райондо болгон жардырууда 110дон ашуун киши жарадар болду.

Куралдуу топтун басма сөз катчысы Забинулла Мужахид төрт согушкер “Жашыл кыштак” деп аталган районго жүк ташыган машинеге жардыруучу заттарды шыкап салып кирип, “көптөгөн чет элдиктерди жок кылганын” айтты.

Ички иштер министрлиги үч аскер кызматкери жана карапайым жаран курман болгонун билдирди. Жарадарлардын арасында 12 аял жана 23 бала бар экендиги маалым болду.

Укук коргоо органдары жаралангандардын арасында чет элдик жарандардын бар-жогун иликтеп жатат.

Ооган бийлиги жарылуу болгон учурда Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери иш ордунда жүргөнүн, ушул тапта ал жерде "күзөтчүлөр гана" калганын кошумчалады.

Бийлик жардыруу болгон жерге жакын турган турак жай катуу жабырканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG