Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Жалал-Абадда аксакалдар кытай жарандары боюнча митингге каршы чыгышты


Кыргызстан менен Кытайдын желеги.
Кыргызстан менен Кытайдын желеги.

Жалал-Абад облустук аксакалдар кеңеши жана Жаштар кеңеши алдыдагы күндөрү кытай жарандарына байланыштуу өтүүчү митингге каршылыгын билдирип чыгышты.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев баштаган аксакалдар бул тууралуу 15-январда басма сөз жыйынында билдиришти.

- Кытай мамлекети менен нечен жылдардан бери биримдикте жашап, дипломатиялык жолдо кызматташып келе жатабыз. Учурда негизги инвестицияны Кытай тарап салып, өлкөнүн экономикасына да олуттуу жардам берүүдө. Социалдык тармактар аркылуу алдыда өтүүчү митингге чакырыктарга каршылыгыбызды билдиребиз. Ошондуктан биз, аксакалдар, жалпы элди тынчтыкка жана биримдикке чакырабыз, - деди Качкынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-январда кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскерткен. Ага удаа эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынын өткөрүп, «кытай жарандары көбөйүп кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарган.

Ушул тушта социалдык тармактарда, мессенжерлерде кытай жарандарына каршы ар кандай чуулгандуу маалыматтар байма-бай тарап жатат.

7-январда Бишкектин борбордук аянтында 300дөй адам митингге чыгып, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну бийликтен талап кылган. Кезектеги акция 17-январда өтөрү айтылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG