Президент Дональд Трамп башкы прокурорлук кызматка көрсөткөн талапкер Уильям Барр Сенаттын комитетине барып, мыйзамчылардын суроолоруна жооп берет. Муну менен Баррдын мурдагы башкы прокурор Жефф Сешнстин ордуна баруу жараяны башталат.
Сенат анын талапкерлигин бекитсе, Барр АКШнын Юстиция министрлигин да жетектейт. Атайын прокурор Мюллер башкы прокурорго түздөн-түз баш ийет.
Ушул тапта атайын прокурор Роберт Мюллер Орусия тараптан 2016-жылы АКШдагы шайлоого кийлигишүү болгон-болбогонун иликтеп жатат.
Трамп Сешнстин ишине ичи чыкпай жатканын бир нече билдирген. Анткени Сешнс атайын прокурордун иликтөөсүнөн өзүн оолак кармап, бул иш боюнча жоопкерчиликти орун басары Род Розенштейнге тапшырган.
Сенаторлордун суроосуна жооп берерден мурун Барр атайын прокурордун өз иликтөөсүнүн соңуна чыгышы “өтө маанилүү” экенин айтты. Баррдын сөзүнө караганда Конгресс жана коомчулук Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен таанышышы керек, мыйзам да ушуну талап кылат.
Былтыр ноябрда АКШда Конгресске шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болор замат башкы прокурор Жефф Сешнс кызматын тапшырган.