Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Президент Дача-СУда курман болгондордун балдарына белек таратты


Белек тапшыруу учуру.
Белек тапшыруу учуру.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки жыл мурун Чүй облусунун Дача-СУ айылында болгон учак кырсыгында жакындарынан ажыраган балдар менен жолукту.

Шейшембиде президент менен жолугушууга Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурлан уулу, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева жакын туугандарынын коштоосунда келишти.

Мамлекет башчы аларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары басылган китептерди белек кылды.

2017-жылдын 16-январында таңга жуук жүк ташыган «Боинг-747» учагы кулап, Дача-СУ конушунда 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч каза тапкан.

Маалыматтарга караганда, Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.

Учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы көптөгөн суроолорду жараткан. "Учактагы жүктүн ээси ким?" деген суроо азыркыга чейин жоопсуз. (SE)

XS
SM
MD
LG