Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Пакистанда ооган талибдеринин таасирдүү өкүлү кармалды


"Талибан" туткундап алган Фаряб провинциясынын тургундары, 15-декбарь, 2018-жыл.
"Талибан" туткундап алган Фаряб провинциясынын тургундары, 15-декбарь, 2018-жыл.

“Азаттыктын” ооган кызматына атын атагысы келбеген булак билдиргендей, "Талибан" кыймылы бийликте турганда дин иштери боюнча министрдин кызматын аркалаган Хафиз Мохибулла Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында кармалды.

Пакистан бийлиги азырынча бул маалыматты ырастай элек.

"Талибандын” жогорку даражадагы өкүлү АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Пакистанда жүргөндө кармалды. Теги ооган Халилзад аймакты кыдырып, 17 жылдан берики ооган согушун басуу үчүн тынчтык сүйлөшүүсүн баштоонун жолун издеп жүрөт.

Кошмо Штаттардын атайын чабарманы буга чейин “Талибандын” Катардагы жана Бириккен Араб Эмирлигиндеги кеңселеринде бир катар жолугушууларды өткөргөн.

АКШ жана Ооганстан "Талибандын” согушкерлерине "баш калка берип жатат" деп, Пакистанды айыпташат. Бирок Исламабад аны четке кагып жүрөт.

Ооган Ислам басылмасы дагы Мохибулланын кармалганын кабарлады.

BBC “Талибан” кыймылындагы өз булагына таянып, Мохибулла бир нече жылдан бери Пешаварда жашап жүргөнүн жазды.

"Талибан" менен эл аралык коомчулук тааныган ооган өкмөтү 17 жылдан бери кармашып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, талибдер Ооганстандын 40 пайыздан кем эмес аймагын көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG