Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Беларуста биринчи криптовалюта биржасы ачылды


Криптвалютанын бирдиги - биткоин. 6-ноябрь, 2017-жыл.
Криптвалютанын бирдиги - биткоин. 6-ноябрь, 2017-жыл.

Беларустун Currency.com деген криптобиржасынын колдонуучулары эми виртуалдык валютаны ээн-эркин сатып алып, аны менен инвестиция да жасай алышат. Бул долбоорго Лондондо турган беларус ишкери Виктор Пракапения жана орусиялык ишкер Саид Гуцериев финансылык колдоо көрсөтүшкөн.

Кардарлар он-лайн биржа аркылуу ар түрдүү криптовалютаны сатып алып жана аны беларус рублине айырбаштай алышат.

Президент Лукашенко криповалютаны мыйзамдаштырган "Санариптик экономиканы өнүктүрүү жөнүндө" декретке 2017-жылдын декабрында кол койгон.

Ага ылайык, жеке адамдар электрондук акчаны сатып алып, алмаштырып, майнинг сыяктуу финансылык операцияларды жасай башташкан.

IT тармагы беларус экономикасынын өркүндөп бараткан тармагы болуп саналат. Минскте жогорку технологиялар паркы 2006-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG