Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн, 16-январда "Азаттыктын" "Көрүстөндөгү коррупция" телепрограммасы үчүн сотко кайрылгандардын арызын карайт. Бул тууралуу юрист, медиа-эксперт Акмат Алагушев билдирди.
"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган бул иликтөөдө кабырларды кызылдай акчага сатканы маалымдалган Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов жана бригадир Алихан Алиев "кадыр-баркыбызга доо кетти" деп сотко даттанышкан. Алар Уланбек Эгизбаевдин, "Азаттык" радиосунун жана программада интервью берген Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчиси Самат Сулаймановдун, мүрзө казгыч Максат Баялиевдин үстүнөн эки арыз жазышкан.
Сот эки арызды кароо мөөнөтүн 16-17-январга белгилеген. Ишти эки башка судья карай турган болду.
Ошол эле кезде Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө ачыкка чыккан жагдайлар тууралуу козголгон эки кылмыш ишин иликтеп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтөө-тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.
28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон.