Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптар конвенциясын ишке ашырыш үчүн алгачкы он жылда Кыргызстанга 6 млрд. 647 млн. сом керек. Мындай маалымат 15-январда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде "БУУнун Майыптар жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланган учурда айтылды.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебинде, конвенцияны ишке ашырыш үчүн керектелген бул каражаттын 1 млрд. 575 млн. сому билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга жумшалат. 5 млрд. 72 млн. сому инфраструктураны жакшыртууга керектелет.
Комитет документти экинчи окууда кабыл алып берген.
Конвенцияны БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы 21-сентябрда кол койгон, бирок каржы маселесинен улам ал ратификацияланбай келген. Конвенция майып адамдардын укуктарын коргоого багытталган. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Ушу тапта мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптар үчүн шарттын жоктугу сындалып келет.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер.