Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Бишкекте дин өкүлдөрү эмдөө маселесин талкуулап жатышат


Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Баланы медициналык эмдетүүдөн баш тарткандардын маселесинен улам Бишкекте дин кызматкерлери атайын жыйынга чогулушту. 16-январда түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин адистери жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери катышкан тегерек үстөлдө эмдөөдөн баш тартуунун себептери жана кесепеттери талкууланды.

“Иммундаштыруу: мамлекет менен диний уюмдардын кызматташтыгы” деп аталган ушундай эле жыйын 18-январда Ошто болот. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосунда уюштурду.

Ар бир өлкө сыяктуу эле Кыргызстандын да өзүнүн Эмдөө боюнча улуттук календары бар. Бала төрөлгөндөн тартып 11 жашка чыкканча он чакты оор илдетке каршы вакцина алат. Алардын арасында кызамыкка (корь) каршы да эмдөө бар. Бирок учурда бул жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 500дөн ашып кетти. Өткөн айда Бишкекте кызамыктан алты айлык кыз чарчап калганы белгилүү болду.

Дарыгерлердин айтымында, эмдөөдөн баш тарткандардын 68% - өзүнүн мындай чечимин диний көз карашына негиздеген ата-энелер. (SE)

XS
SM
MD
LG