Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Эмдөөдөн качкандар оюн өзгөртө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда баласын убагында эмдетүүдөн баш тартып коюп, азыр кайрадан вакцина алдыртып жаткандар көбөйө баштады. Өткөн айда Бишкекте кызамыктан алты айлык кыз чарчап калган.

Адистердин айтымында, эмдөөдөн баш тарткандардын 68% - өзүнүн мындай чечимин диний көз карашына негиздеген ата-энелер.

Айдана - Бишкек шаарынын тургуну. Алгач баласын эмдетүүдөн баш тартып койгон жаш келин жакында ымыркай уулун бейтапканага алып барып келди.

- Менин күйөөм эмдөөгө каршы болчу, - дейт ал. - Бирок жанагы окуяларды угуп, телевизордон да айта баштаганын көрүп, алып барып сайдырдык. “Эмдөөдөн өткөрүп алгандан кийин балам оорубайт” деп өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип калдым.

Айданага окшоп убагында эмдетпей коюп, азыр кайра дарыгерлерге кайрылып жаткандар жүздөп санала баштады.

Ар бир өлкө сыяктуу эле Кыргызстандын да өзүнүн Эмдөө боюнча улуттук календары бар. Бала төрөлгөндөн тартып 11 жашка чыкканча он чакты оор илдетке каршы вакцина алат. Алардын арасында кызамыкка (корь) каршы да эмдөө бар. Бирок учурда бул жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 500дөн ашып кетти. Өткөн айда Бишкекте кызамыктан алты айлык кыз чарчап калганы белгилүү болду.

Адистердин айтымында, абалдын оорлошуна балдар убагында эмделбегени себеп болууда, анткени кызамык дал ушул эмдөө аркылуу таптакыр жок кылынуучу оорулардын катарына кирет.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, вакцина алуудан баш тарткандардын көбү - мындай чечимин диний көз карашына негиздеген ата-энелер.

Ишенапысова 23-октябрдан 31-декабрга чейин кызамыкка каршы кошумча эмдөө жүрүп жатканын билдирди:

- Кызамык болуп ооруп калган балдарыбыздын 20% убагында диний көз караштан улам эмделбегендер экени аныкталды. Жалпы эле эмдөөдөн баш тарткандар 7 миңдин тегерегинде болсо, алардын 68% диний көз карашка байланыштуу. Азыр Бишкек шаары боюнча бир жумада 100дөй баланы ата-энеси кызамыктын коркунучун түшүнүп, эмдөөдөн өткөрүп жатат. Чүйдө бир жумада 70-80 бала өтүүдө. Себептери ар кандай: мигрант болуп жүргөндөр, эмдөөнүн сапатынан жана коопсуздугунан күмөн санап келгендер, диний көз карашка байланыштуу… Бирок биз алардан так себебин сурап, эсептеген жокпуз. Себеби, келгенине сүйүнүп жатабыз.

Ишенапысова белгилегендей, кызамыкка каршы 30 миң доза вакцинаны Кыргызстан өз каражатына сатып алды. Кошумча эмдөө жана элге түшүндүрүү иштери Саламаттык сактоо министрлиги, Ден соолукту бекемдөө борбору, ЮНИСЕФ жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен чогуу жүргүзүлүп жатат.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу эмдөөдөн баш тартууну диний ишенимге байланыштырган туура эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, бул элде маалыматтын жетишсиздигинен келип чыгууда жана эмдөөгө үгүттөп же милдеттендирүү тууралуу буйрук чыгаруунун зарылчылыгы жок.

- Азыркы кезде көйгөйлүү деле эмес деп айтсам болот, - деди ал. - Болушу мүмкүн, аз-аздан. Муфтият тыйып же тыйбоого эч кандай укугу жок. Биздин милдет – элге туура багыт берип, “ден соолук үчүн кам көрүү керек” деп айтуу. Диний көз караштан деп эсептөө туура эмес болуш керек. Маалыматтын жетишсиздигинен болуп жатат деп ойлойм. Кээде эмдөөдөн кийин жабыр тарткан ымыркайлар деле бар да. Муну дарыгерлер деле танбайт. Бул фатвага муктаж маселе эмес. Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде «ар бир адам кол астындагылар үчүн жооптуу» деген бар. Үй-бүлөдөгү маселелерге ата-эне жооптуу.

Ал арада теолог Нурлан Исмаилов эмдөөгө каршы маалыматтар, күмөн саноо алгач Европадан, орус тилдүү сайттардан тараганына көңүл бурууда. Диний сабаттуулуктун ролу тууралуу сурообузга жооп берген адис азыр көбүнчө эмоционалдуулук басым кылып жатканын айтты:

- Сабаттуулуктун тиешеси бар. Кыргызстанда ислам дини 1990-жылдардан бери, айрыкча 2000-жылдардан кийин эмоционалдуу, логикасы кыска кабарлар, “Твиттер”, “Вотсапп”, “Фейсбук” аркылуу жайыла баштады.. Өзүлөрү окуп, аң-сезими менен түшүнбөстөн, көбүнчө кыска роликтер аркылуу, кээ бир диний аалымдардын окууларына карата түзүлө баштады. Бул жакшы эмес, анткени ар бир мусулман динди түшүнүп, талдоо үчүн өзү окуп үйрөнүшү керек. Тилекке каршы, бизде терең ислам түшүнүгү калыптанбай эле, эмоционалдуу ислам дини калыптанып жатат. Ошол диний сабаттуулукка терс таасирин тийизет. Эгерде ата-энелер балдарын кайрадан эмдөөгө алып келе баштаса, бул жакшы нерсе. Бирок бул аркылуу сабатсыздыгы жоюлуп, баары жакшы болуп кетти деп айта албайм. Бүгүнкү күндө ислам чөйрөсүндө эмоционалдуулук абдан чыңалып турган чак. Акырындык менен басаңдап, эмоционализм рационалдуу ой жүгүртүү, түшүнүү, өз алдынча изилдөө багытына өзгөрүшү керек.

Быйыл кызамык айрым Европа өлкөлөрүндө күчөп, 40ка жакын адамдын өмүрүн кыйды.

Кызамык аба аркылуу жуккандыктан, эгер эмделбесе андан сактануу оор. Эмдөө бала бирге жана алтыга чыкканда эки жолу жүргүзүлүп, оорудан коргонуу кепилдиги толук камсыздалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG