Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Талас: баласын эмдетпегендер көбөйдү


Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар 6000 чамалуу.
Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар 6000 чамалуу.

Талас облусунда 250дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты. Бул кадамга алар диний көз караштан улам барышууда.

Ал эми дарыгерлер болсо эмделбеген балдар ар кандай жугуштуу оорулардын булагы болуп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө. Ошондой эле жугуштуу ооруларга алар биринчи чалдыгарын айтып тынчсызданышат.

- Менин беш балам бар. Кийинки кичүүлөрүн эмдеткен жокмун. Себеби эмдөөгө ишенбейм. Алдын ала эле кооптоно берген динде болбойт. Баары Алланын колунда. Ооруп калганда гана Алла шыпаа кылсын деп, дары бериш керек, - деген Мастура Беккелдиева беш убак намаз окуйт, жоолук менен чачтарын бекитип, ороп жүрөт.

Быйыл Мастурага окшоп эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны Талас облусу боюнча 250дөн ашты. Алардын көпчүлүгү дин жолундагы ата-энелер.

Талас облусунда бир жашка чейинки алты миң бала бар. Учурда облуста бул жылга карата эмдөө иштери аяктоодо. Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Дамира Алиева эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

- Вакцина жетиштүү. Азыркы учурда облус боюнча 261 адам эмдөөдөн баш тартты. Анын 166сы Талас шаарынын тургундары. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анткени убакыт өтүп, өзүнүн убактысы келгенде эмделбегендин кесепети чыгат. Азыр шал, кызамык, чечек оорулары дээрлик жок кылынбадыбы, алардын инфекциясы жок. Эгерде Кудай жүзүн ары кылсын, ошол инфекциялар келип калса, дал ушул эмдөө албагандар биринчи кезекте оорушат.

Республикалык Иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар 6000 чамалуу.

Ошол эле кезде ислам дининде эмдөөдөн баш тартуу боюнча көрсөтмөлөр же буйруктар жок экенин Кыргызстандын муфтиятынын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу айтып берди.

- Динде, Куранда, хадисте эмдетпегиле деп айтылган эмес. Эмдөө да медицинада жөн эле пайда болбосо керек. Мен өзүм балдарымды эмдеткем, муну ачык эле айтыш керек.

Бактияр Токтогазы уулу коопсуздуктан, вакцинанын сапатынан чочулап да балдарын эмдетпей жаткандар бар экенин кошумчалады.

Балдарды жана чоң кишилерди эмдөө иши медицинада узак убакыт иликтенип, көп жылдык тажрыйбадан улам кабыл алынган чечим. Муну айткан Таластагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Жакыпбек Айдаров эмдөөдөн баш тартуу бир канча адамдын гана эмес, жалпы улуттун саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирүүдө:

- 1980-жылы дүйнө жүзүндө суу чечек, кургак чечек жок болгон. Ал эмдөө менен жок болду. 2000-жылы шал оорусу жок кылынды. Бирок, Индиянын кайсы бир провинциясындагы эл диний көз караш менен эмдөөдөн баш тартып коюшкан экен. Бул ооруулар ошолордо калыптыр. Миграция менен жайылып кетиши мүмкүн. Былтыр кызамык менен жалпы 21000дей адам ооруса, Таласта 565 адам ооруду. Катуу күрөшүп жеңдик, бүгүн жок. Дагы да болсо эмдөөдөн баш тарткандар вирусту ыктымал алып жүрүүчүлөр болуп коркутуп жатат. Ошолор оорунун булагы болуп калышы мүмкүн. Облустук казыяттын да кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, колдоп беришти. Ажылыкка баратканда да зыяратчылар эмдөөдөн өтүшөт. Анткени Арабиянын да талабы ошондой.

Былтыр кызамык илдети көп катталып жатканда Талас облусундагы эмдөөдөн баш тарткан 200дөй ата-эненин 150гө жакыны түшүндүрүү иштеринен кийин кайра балдарын эмдетсе, 50дөйү такыр баш тартып койгон.

XS
SM
MD
LG