Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Көлдө динчилдер эмдөөдөн баш тартууда


Ысык-Көл облусу боюнча эмдөөдөн баш тартуу фактысы 140тан ашты.
Ысык-Көл облусу боюнча эмдөөдөн баш тартуу фактысы 140тан ашты.

Кыргызстандын муфтияты кечээ "балдарды эмдөө динге каршы келбейт” деген билдирүү таратты. Анткен менен жер-жерлерде диний ишенимге байланыштуу эмдөөдөн баш тарткандар дарыгерлерди тынчсыздандырууда.

Ысык-Көл облусу боюнча эмдөөдөн баш тартуу фактысы 140тан ашты. Алардын 37си Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында катталган. Муну адистер тескери үгүттөрдүн жүрүп жатышы менен да байланыштырууда.

Ак-Терек айылынын тургуну, беш балалуу Бактияр Бердикожоев исламдын шарттарына ылайык жашагандардын бири. Ал эмдөө баланын саламаттыгын начарлатып, ар кандай ооруларга туруштук берүү жөндөмүн жоготот деп эсептейт. Муну ал толук жана жарым-жартылай эмделген үч баласы менен такыр эмделбеген эки баласынын ден соолугун салыштырып айтып берди. Ал вакцинанын курамында организмге залал келтирчү заттар бар деген ишенимде:

- Интернеттен окуп көрсөк, ал жакта адамга зыяндуу заттар бар экен. Мисалы, сымап, алюминий... Мунун баары башка ооруларды акырындык менен күчөтөт экен.

Жергиликтүү дарыгерлер мындай пикирлердин жаралышына эл арасында жашыруун тараган видеотасмалар себепкер дешүүдө. Ак-Терек айыл аймагынын үй-бүлөлүк башкы дарыгери Эрмек Исаева мындай дискти өз көзү менен көргөнүн айтты:

- Мен ал дискти көргөм, аны кайдан алышканын билбейм. Анда жашы токсонго барып калган, өзүн орусиялык профессор деп тааныштырган байбиче сүйлөп жатат. Ал өзүн энеси үйдө төрөп, эч кандай эмдөөдөн өтпөй ушул жашка келгенин айткан экен. Ошону көрүп алып, эми эмдөөдөн баш тартып жатышат.

Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Бактыгүл Байбосунова эмдөөдөн баш тарткандардын басымдуу бөлүгүн салттуу эмес диний агымдарга кирип алгандар түзөт деди:

- Биз райондо үймө-үй кыдырып чыктык. Ар бир үйдө шектүүлөрдү аныктап, андан тышкары эмдөөгө каршы болгондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Эмдөөгө каршы болгондордун көбү башка диний агымга киргендер болууда.

Буга чейинки маалыматтарда Жети-Өгүз районунда байкалган салттуу эмес диний ишенимдеги тургундардын арасында тыюу салынган “Хизб ут - Тахрир” уюмуна мүчө катары каттоого алынгандар басымдуулук кылары айтылган. ИИМдин облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча андай каттоодо 79 адам турат. Ал эми райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Өмүрзак Туюкбаевдин айтымында, балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны жагынан Жети-Өгүз району облуста алдыңкы орунда.

- Диний көз караштан улам Ак-Терек айылында эмдөөдөн өтпөй койгон 37 факты болгон, түшүндүрүү иштеринин негизинде төрт кишини макул кылдык. Дархан айылында 30 факты аныкталып, алардын 11ин көндүрдүк. Ал эми Саруу айылында төрт киши, Кызыл-Сууда эки факты катталган. Калган жерлерде эмдөө иштери жүрдү. Каршы болгондордун бир даары "Израилден келген вакцина экен, булар бизге каршы иштейт" деген жүйөлөр менен макул болбой жатышат.

Жергиликтүү дарыгерлер вакцинанын курамы жана саламаттык үчүн кепилдиктери тууралуу түшүндүрүү иштери кеңири жүрүп жатканын айтышты.

Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Төлөнбек Макеевдин айтымында, облус аймагында эмдөөдөн баш тартуу боюнча 147 факт катталды, анын 140 фактысы диний көз караштарга байланыштуу экен. Облус боюнча азыр кызылча илдетин жугузган деп 62 киши каттоого алынды.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG