Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Балдарын эмдетпеген динчилдер чыкты


Кыргызстандагы ар кандай диний агымдын өкүлдөрү балдарды эмдөөгө каршы үгүттөп жатышат.

Искендер Субанкулов Ош шаарында турат. Ал он айлык кызын алдын ала эмдетүүгө бербей, врачтар менен кер-мур айтыша кеткен. Искендер мырза баласын эмне үчүн эмдетпей жатканын “Азаттыкка” мындайча ачыктады:

- Шарият боюнча адам өзүн зыян нерселерден сакташ керек. Балдарга сайылып жаткан вакцина зыян эмес экендиги тастыктала элек. Мен баламды эмдетүүгө каршы чыксам врачтар ызы-чуу көтөрүшкөн. Ошентип балама кээ бир вакциналарды сайдыртпай койдум.

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында Искендер Субанкулов сыяктуу балдарын эмдетүүгө каршы чыккандар ондоп саналат. Мындай маалыматты Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калилов таратты. Анын айтымында, эмделбеген балдар коркунучтуу жугуштуу оорулардын кеңири жайылышына себеп болуп келет.

- 2011-жылы Кара-Суу районунун эки көчөсүнүн динге катуу берилген жашоочулары баш тартышкан. Алар балдарын эмдөөгө такыр алып барышкан эмес. Ошолордун ичинен бир кыз Анжияндан кызамык оорусун жуктуруп келген. Ал учурда Өзбекстанда кызамык күчөп жаткан. Ошентип тиги кыз жугуштуу ооруну башкаларга да тараткан.

Мына ушул окуядан кийин 222 балага кызамык оорусу жуккан.

Вакцина арамбы?

Эмдөөгө каршы үгүттөгөндөр Нарын менен Чүйдө да катталган. Азырынча жугуштуу оорулар жайылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби чүрпөлөрүн эмдетпегендердин саны азайган эмес. Бул тууралуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мүчөсү Руслан Дадабаев буларды билдирди:

- Бизде 37 адам эмдөөдөн баш тарткан. Азыр алардын жетиси калды. Дагы деле мурдагыдай ынабай жатышат. Алар вакцинаны арам деп каршы чыгып жатышат. Ар кандай нерседен жасалган деп такыр бизге ишенишпейт.

Иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калилов балдарга сайылчу вакциналардын пайдадан башка зыяны жок деп ишендирүүдө.

- Вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун текшерүүсүнөн өткөн фирмалардан гана алынат. Алар эл аралык тендерге катышат. Вакциналар бизге келгенден кийин да Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинен тастыктоодон өтөт. Толук текшерүүдөн өткөндөн кийин гана эмдөөгө уруксат берилет. Дары-дармектер арам эмес.

Ымыркайларды алдын ала эмдөөдөн шек санагандар да жок эмес. Алардын бири - Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов:

- Таптакыр эмдөөнүн кереги жок деген бир катар аалымдардын пикирлери бар. Алардын айтымында, ооруй элек балага дары берүү туура эмес. Мындан тышкары дарынын курамында зыяндуу заттар болушу мүмкүн. Балдарды 4 айында эмдөөдөн кийин колу-буту тырышканы көп байкалып жатат.

Жогорку Кеңеш жугуштуу ооруларды алуу үчүн эмдөө жүргүзүү боюнча мыйзамды 2001-жылы кабыл алган. Аталган мыйзамда эмдөөдөн баш тартуу укугу да каралган. Эл өкүлү Дамира Ниязалиева эмдөөдөн баш тартуу маалыматтын жоктугунан пайда болуп жатат деген пикирде.

- Ар кандай түшүнбөстүктөн улам эле ушундай болуп жатса керек. Болбосо ким эле баласынын ден соолугуна кам көрбөсүн? Эмдөө болбосо эмне болоорун, эмдөө арам эмес экендигин ата-энелерге врачтар муфтият менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, эмдөө атайын графиктин негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркай 24 сааттан кийин сарык оорусунун Б түрүнө, кургак учукка жана шал оорусуна каршы эмделет. Мындан тышкары ымыркайлардын 2, 3.5, 5 айлыгында жана 1, 2, 6 жаштарында кызамык сенек жана мээнин сезгениши сыяктуу ооруларга каршы массалык эмдөө жүргүзүлөт.
XS
SM
MD
LG